Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVIII сессиясы
2016-жылдын 19-майы № 13
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн “Жеңиш” айылынын тургуну К.Акматовдун кайрылуусу жөнүндө
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн “Жеңиш” айылынын тургуну Акматов Курмандын өздөштүрүүгө алган жери аукционго коюлуп калгандыгы жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVIII сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акматов Курмандын кайрылуусу эске алынсын.
2. К.Акматовдун кайрылуусундагы маселени мыйзам чегинде чечүү айыл өкмөттүн аукцион өткөрүү боюнча атайын комиссиясына жана өкмөт башчы Э. Маматаевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин эл чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жай, транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Расуловко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Осконбаев |