Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVIII сессиясы
2016-жылдын 19-майы № 14
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жерлерине каттоо жүргүзүү үчүн 50 000(элүү миң) сом акча каражын бөлүп берүү тууралуу Э.Маматаевтин кайрылуусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жерлерине каттоо жүргүзүү керектиги жөнүндөгү Э.Маматаевтин жана экономист-статисти Э.Сопиевтин кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVIII сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөт башчысы Э. Маматаевтин жана Э. Сопиевтин кайрылуусу эске алынсын.
2. Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жерлерине каттоо жүргүзүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому эске алынсын, Бирок КР Өкмөтүнүн токтомунда каттоо учурунда керектелүүчү акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылансын деген жери жок болгондугуна байланыштуу жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланса мыйзамга туура келбейт экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Осконбаев |