Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVIII сессиясы
2016-жылдын 19-майы № 15
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аймагындагы Ношкен айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аймагындагы Ношкен айылынын тургундарынын балдар бакчасын куруу үчүн жер аянтын ФАП менен сылгаштырып тактап берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVIII сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ношкен айылынын тургундарынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Арызда көрсөтүлгөн ФАП менен чайкананын учурдагы жерин карап чыгып, балдар бакчасын курууга Архитектууралык талаптарын аныктоо жана МЧС менен билгеликте тийиштүү корутундуу чыгаруу жагы өкмөт башчы Э. Маматаевке, райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынын өкүлү А. Кудаяровко жана райондук Архитектуура жана курулуш башкармалыгынын өкүлү К. Эгембердиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагалары А.Расуловко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Осконбаев |