Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVIII сессиясы
2016-жылдын 19-майы № 16
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жаңы имаратын жасалгалоо (оформления) жөнүндө
Бүргөндү айыл Өкмөтү Маданият үйүнүн имаратынан мурдагы аймактык оорукананын имаратына көчүрүлгөндүгүнө байланыштуу, айыл өкмөттүн жаңы имаратын жасалгалоо (офармления) керектиги жөнүндөгү Ф.Джумабекованын кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVIII сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ф. Джумабекованын кайрылуусу эске алынсын.
2. Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн жаңы имаратын жасалгалоо (офармления) максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2016-жылдын бюджетинде ӨКА алууга деп бөлүнгөн 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражатынан 150 000 (бир жүз элүү миң) сом акча каражаты имаратты жасалгалоого бөлүнүп берилсин.
3. Жогорудагы акча каражатын биринчи статьядан, экинчи статьяга которуу жагы айыл өкмөттүн Финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы А.Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Осконбаев |