Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVIII сессиясы
2016-жылдын 19-майы № 17
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аймагындагы жаңы курулган аймактык оорукананын айланасынан жергиликтүү тургундардын дарыкана, дүкөн курууга жер аянтын сурап жазган кайрылуусу жөнүндө
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аймагындагы жаңы курулган аймактык орукананын айланасынан дарыкана, дүкөн куруу жөнүндөгү жергиликтүү тургундардын кайрылууларын угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVIII сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү тургундардын кайрылуулары эске алынсын.
2. Аймактык оорукана жайгашкан жердин тийиштүү иш кагаздарын толук бүтө электиги тууралуу жана жердин тийиштүү иш кагаздары толугу менен бүткөндөн кийин жерлерди сатуу максатында аукцион өткөрүлөөрү белгиленсин.
3. Арыз ээлерине аукциондун өткөрүлөөр күнү белгиленгенден кийин кулактандыруулар илинээри тууралуу кат жүзүндө маалымат берүү жагы Ф. Джумабековага милдеттендирилсин.
4. Аймактык оорукана жайгашкан жерди үлүш жеринен муниципиалдык жерге которуу боюнча трансформациялоо иштерин жогорку органдарга кайрылып чечүү жагы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башсчысы Э.Маматаевке милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин эл чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жай, транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Расуловко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Осконбаев |