Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз VI cессиясы
2016-жылдын 13-июну № 7
Маданият үйүнө жана көчөгө атын ыйгаруу жөнүндө
Кашка-Суу айылынын айыл болуп калыптанышына салымын кошкон инсан маркум Эгембердиев Шараптын наамын Кашка-Суу айылындагы клубка жана өзү жашаган көчөгө атын ыйгаруу жөнүндөгү Кашка-Суу айылынын 2016-жылдын 4-майындагы элдик жыйындын №1 токтомун бекитип берүү жөнүндөгү Кашка-Суу айылдык кенешинин төрагасы А.Н.Маматаиповдун баяндамасын угуп жана талкуулап, айыл аймактык кенешинин V чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айылынын айыл болуп калыптануусуна салымын кошкон инсан маркум Эгембердиев Шараптын наамын Кашка-Суу айылындагы клубка ыйгаруу жөнүндөгү Кашка-Суу айылынын 2016-жылдын 4-майындагы элдик жыйынынын №1 токтому бекитилсин.
2. Кашка-Суу айылындагы памир көчөсүнүн атын өзгөртүү жана ал көчөгө Кашка-Суу айылынын айыл болуп калыптануусуна салымын кошкон инсан маркум Эгембердиев Шараптын наамы ыйгарылсын.
3. Кашка-Суу айылынын айыл болуп калыптануусуна салымын кошкон инсан маркум Эгембердиев Шараптын наамын Кашка-Суу айылындагы клубка атын ыйгаруу тууралу элдик жыйынынын токтомун эске алып Чоң-Алай райондук маданият бөлүмүнүн жетекчилигинен жана Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Ж.Жапаровдон суралсын.
4. Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо Эгембердиев Шараптын уулу Эгембердиев Бакытка тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Кашка-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Н.Маматаипов |