Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз VIII cессиясы
2016-жылдын 1-августу № 2
Акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кашка-Суу айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун 2016-жылдын жергиликтүү бюджетине ОсОО Аньбанк нефть-газ компаниясынын лицензия кармап туруу үчүн төлөмүнө 2500,0 миң сом 2016-жылдын бюджетинин бекитилген пландан ашычка акча каражатын түшкөндүгү жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги сегизинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө кошулган 2500,0 миң сом кошумча акча каражатын төмөндөгүдөй тартипте бөлүштүрүлсүн:
Курулуштарга - 560,0 миң сом
Жардам (элге) - 60,0 миң сом
Аппараттын ар түрдүү чыгымдарына - 240,0 миң сом
Шор талаа каналына плита алуу - 40,0 миң сом
Жайылма айылындагы суу түтүгүн оңдоого - 60,0 миң сом
Ачык-Суу айылына суу түтүгүн оңдоого - 200,0 миң сом
Кашка-Суу айылына түнкү жарык - 100,0 миң сом
Ачык-Суу айылына “Айтмамат” каналына - 400,0 миң сом
Ж.Бөкөнбаев орто мектебине - 50,0 миң сом
Ж.Бөкөнбаев о.м жылытуу системасына - 50,0 миң сом
Ж.Бөкөнбаев о.м музыкалык аппаратуура - 50,0 миң сом
Кара-Кабак айылдык клубуна муз аппарат - 50,0 миң сом
Кара-Кабак о.м компьютер - 80,0 миң сом
Кабык о.м жылытуу системасына - 500,0 миң сом
Байчечекей б.бакчасынын тосмосуна - 30,0 миң сом
Маданият кызм. сапар чыгымына - 30,0 миң сом
Жалпы: 2500,0 миң сом
2. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлгө алуу жагы айыл аймактык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Кашка-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Н.Маматаипов |