Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз VIII cессиясы
2016-жылдын 1-августу № 3
Жер салыгын планга киргизүү жөнүндө
Кашка-Суу айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун 2016-жылга ОсОО “Кайди” ишканасынын айыл чарбасына багытталган жер аянттары үчүн ишкананын подстанциясы 0,48 га жана трансформатор жайгашкан 0,27 га жер аянттары үчүн жалпы 10184 сом акча каражатын планга киргизүү жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги сегизинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылга “ОсОО Кайди” ишканасынын айыл чарбасына багытталган жер аянттары үчүн ишкананын подстанциясы 0,48 га жана трансформатор жайгашкан 0,27 га жер аянттары үчүн жалпы 10184 сом акча каражатын планга киргизилсин “ОсОО Кайди” ишканасына 10184 сом айл чарбасына багытталбаган жер салыгына төлөө жагы билдирилсин.
2. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Кашка-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Н.Маматаипов |