Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз VIII cессиясы
2016-жылдын 1-августу № 5
Участкалык шайлоо комиссиялардын резервин бекитүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймагынын жооптуу катчысы Р.Ботобековдун айыл аймагында азыркы учурга чейин иштеп келген участкалык шайлоо комиссиялары 2 жылдык мөөнөткө бекиген болчу, быйыл алардын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу, Борбордук шайлоо комиссиясынын кайрылуусуна байланыштуу жергиликтүү жамааттардан талапкерлер көрсөтүлгөн. Ушул талапкерлерди УШКнын резервине бекитип алуубуз керек. Участкалык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси жана тиешелүү документтери менен тааныштырылып .( тизме тиркелет). Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги сегизинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде шайлоо комиссияларынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлер бекитилсин. ( тиркемеге тиркелет).
2. Токтомду бекитип берүү жагы Чоң Алай аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылывшын көзөмөлдөө жагы депутаттардын “Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык этика жана депутаттардын иштери боюнча” туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Кашка-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Н.Маматаипов |