Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз VIII cессиясы
2016-жылдын 1-августу № 6
КРӨнүн мамлекеттик каттоо комитетинин алдындагы ЖААК жана калкты каттоо департаменти менен Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө
КРӨнүн мамлекеттик каттоо комитетинин алдындагы ЖААК жана калкты каттоо департаменти менен Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндөгү маселени КР Конституциясын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдарынын негизинде Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги сегизинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондук жарандык актыларын каттоо бөлүмүнө жарандардын туулгандыгы жөнүндө актыны, никелешүү жөнүндө актыны, өлгөндүгү жөнүндөгү актыны, аталыкты аныктоо жөнүндөгү актыны жана чогултуу боюнча документтерди алууга жана жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө КРӨнүн мамлекеттик каттоо комитетинин алдындагы ЖААК жана калкты каттоо департаменти менен Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылывшын көзөмөлдөө жагы депутаттардын “ Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык этика жана депутаттардын иштери боюнча” туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Кашка-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Н.Маматаипов |