ЧАНГЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чангет айылдык кеңешинин III чакырылышынын кезкесиз 1-сессиясы
2016-жылдын 1-февралы № 1
Чангет айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы жергиликтүү бюджеттинин киреше бөлүгүнүн базалык ставкаларын жана коэфицентин кароо жөнүндө
Чангет айыл өкмөтүнүн2016-жылдагы жергиликтүү бюджеттинин киреше бөлүгүнүн базалык ставкасын жана зоналдык коэфицентин көтөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 13-январындагы № 17-73,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2016-жылдын 13-январындагы №01-93 П жана Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 16-январындагы №01-93 сандуу каттарын айылдык кеңешинин “Экономика,бюджет жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап чыгып Чангет айылдык кенешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чангет айыл өкмөтүнүн 2016-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн.жана КРнын салык кодексинин 337-беренесинде көрсөтүлгөн жер салыгынын базалык ставкасы 15% көбөйтүлсүн жана салык кодексинин 339-беренесинде көрсөтүлгөн зоналдык коэффценти 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Чангет айыл өкмөтүнөн жергиликтүү бюджеттинин киреше бөлүгүнө жана салык кодексинин 337 жана 339-беренесинин базалык ставкаларын жана зоналдык коэффцентерине кошумча эсептөөлөр жүргүзүлүп,2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша булактарына кошумча эсептөө жагы ФЭБ башчыга милдеттендирилсин.3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу,Чангет айылдык Кенешинин экономика,бюджет жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына мидеттендирилсин.
Чангет айылдык кеӊешинин төрагасы |
С.Абдираимов |