Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Көл району Ананьев айылдык кеӊеш XXVI чакырылган XXIV сессиясы
2016-жылдын 18-марты № 2
Жеке ветеринардык адистердин кызмат көрсөтүнүн акысынын ченемдери жөнүндө
Ананьев айыл аймагында жеке ветеринардык адистердин кызмат көрсөтүнүн акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө маселени карап, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ананьев айыл аймагында жеке ветеринардык адистердин кызмат көрсөтүнүн акысынын өлчөмү Ысык-Көл областтык ветеринардык башкармалыгынын малдарды дарылоого көрсөткөн кызмат акысынын өлчөм-ченеми тиркемеге ылайык бекитилсин .
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеӊештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын
3. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Ананьев айылдык кеӊешинин төрагасы: |
Окенаев Т.М |