Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Көл району Ананьев айылдык кеӊеш XXVI чакырылган XXV сессиясы
2016-жылдын 30-майы № 2
Мектептин имаратын ремонтунан чыккан рамаларга баа коюу жөнүндө
Н.Г.Лященко атындагы орто мектептин имаратын ремонтунан чыккан терезелердин рамкаларына жана эшиктерине баа коюуп элге сатуу жөнүндө маселени карап, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айнеги жок терезенин рамкасына-100сом, айнеги менен-200сом, жараган эшикке-100сом баада бекитилсин.
2. Терезелердин жана эшиктердин абалын аныктоо жана баа берүү максатында төмөнкү курамда комиссия түзүлсүн: Мамбетов Ы.А, Имангазиев К.А, Федотова Е.В, Осмоналиев Н.М, Давлетбаев Т.Т.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеӊештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Ананьев айылдык кеӊешинин төрагасы: |
Окенаев Т.М. |