Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын 21-сессиясынын кезектеги отуруму
2016-жылдын 17-октябры № 5
Чоң-Алай райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы А.Топчубаевдин сунушун кароо жөнүндө
Чоң-Алай райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы А.Топчубаевдин сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын депутаттарынын 21-сесиясынын кезектеги отуруму карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай райондук социалдык өнүктүрүү башкармасынын башчысы А.Топчубаевдин сунушу эске алынсын.
2. Чоң-Алай райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы А.Топчубаевдин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги кеңсесин социалдык өнүгүү башкармасынын балансасына өткөрүп берүү жөнүндө сунушу боюнча Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык менчигиндеги кеңсени райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын балансасына өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тактап айылдык кеңештин кийинки сессиясына сунуштоо жагын Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы К.Абдылдаевке жана айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо. Коомдук иштер, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы |
Д.Молдоболотов |