Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңешинин XXX кезексиз сессиясы
2016-жылдын 21-ноябры № 3
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн планын жогорулатуу жана аны чыгаша бөлүгүн статьяларга ылайык чыгымдоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин кезексиз XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он айдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн жер сатуудан – 123,0 миң сом жана унаа салыгынан 99,0 миң сом, ыктыярдуу патенттен – 47,6 миң сом, пайдалуу казынды жерлерди иштетүү үчүн акы төлөөдөн – 59,6 миң сомдун эсебинен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн планын жалпы 329,2 миң сомго жогорулатып, чыгаша бөлүгүн 70629 бөлүмүнүн 31122290 беренесинен 200,0 миң сомго, 70823 бөлүмүнүн 31123210 беренесинен 129,2 миң сомго ылайык чыгымдоожагы райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
2. Токтомду аткаруу жагы каржы-экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ленин айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б. Токтосунов |