Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-февралы № 2
Ленинполь айылдык аймагындагы кичи футбол стадиону жөнүндө
Ленинполь айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 29-февралындагы сессиясында айылдын аймагындагы АРИС долбоорунун колдоосу менен курулган кичи футбол стадионун акыбалын жакшыртуу максатында куратор кылып Айдарбеков Мурат Аскарбековичти дайындоо сунушун карап чыгып Ленинполь айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленинполь айылдык аймагындагы кичи футбол стадионун куратору болуп М.Айдарбековду дайындоого макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөт башчысы М.Исабеков кичи футбол стадионунун куратору менен келишим түзүлсүн жана келишимге келип түшкөн кирешеден айына 2миң сом айыл өкмөтүнүн эсебине которуу жагы белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана турак-жай комитетине тапшырылсын.
Төрага | Н. Ширдаков |