Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин (5-чакырылышы) кезексиз 26-сессиясы
2016-жылдын 20-октябры № 26-1
Кеңеш айыл аймагындагы бардык жер фонддорун инвентаризациялап, акт аркылуу өткөрүп алуу тууралуу
Кыргызмамжердолбоор" институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынан Кеңеш айыл аймагындагы бардык жер фонддорун инвентаризациялоо боюнча жүргүзүп жаткан иштерин комиссия аркылуу акты менен өткөрүп алуу максатында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 18-беренесинин 15-пунктуна, 31-беренесинин 17-пунктуна, 47-беренесинин 7-пунктуна таянып Кенеш айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргызмамжердолбоор" институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынан Кеңеш айыл аймагындагы бардык жер фонддорун инвентари зациялоо боюнча жүргүзүп жаткан иштеринайыл өкмөтүнүн жерлерин инвентаризациялоо боюнча түзүлгөн комиссия аркылуу акты менен өткөрүлүп алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбердиевке жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы |
Ташбаев М.А. |