Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин (5-чакырылышы) кезексиз 26-сессиясы
2016-жылдын 20-октябры № 26-3
Айылдардан келген көйгөйлүү маселелерди ранжирлөө жөнүндөгү айылдык аймактын конкурстук комиссиясынын протоколун бекитүү тууралуу
Айылдардан келген көйгөйлүү маселелерди пирориттештирүү критейлеринин негизинде ранжирлөө жүргүзүү тууралуу айылдык аймактын конкурстук комиссиясынын протоколун угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдардан келген көйгөйлүү маселелерди ранжирлөө жөнүндөгү айылдык аймактын конкурстук комиссиясынын отурумунун протоколу бекитилсин. (протокол тиркелет)
2. Ранжирленген көйгөйлүү маселелердин негизиде стратегиялык жана инвестициялы инвестициялык планга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жагы жумушчу топко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Маматалиевке жүктөлсүн
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы |
Ташбаев М.А. |
| Кеңеш айылдык кеңешинин 2016-жылдын 20-октябрындагы № 26-3 токтомуна тиркеме. |
Айылдык аймактын конурстук комиссиянын отурумунун
ПРОТОКОЛУ.
Ош областы
Ноокат району
Кеңеш айыл өкмөтү
Өткөн орду: Кеңеш айыл өкмөтүнүн имараты
Өткөн күнү : 10.10.2016-жыл.
Күн тартиби:
1. Айылдардан келген көйгөйлөрдү пирориттештирүүнүн крийтерийлерин иштеп чыгуу .
2. Айылдардан келген көйгөйлөргө ранжирлөө жүргүзүү(критерийлердин негизинде)
Угулду:
1-маселе боюнча
Отурумдун мүчөлөрү көйгөйлөрдү ранжирлөөнүн крийтерийлери боюнча талкуу жүргүзүп чыгышты жаначечим кабыл алышты.
Чечим:
Айылдардан келген көйгөйлөрдү ранжирлөө үчүн төмөнкү критерийлер киргизилсин:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагында болуусу
2. Жашоочулардын жашоо шартын жакшыртуусу
3. Экономикалык көрсөткүчтүн жогорулоосуна таасирдүүлүгү
4. Коомчулуктун активдүүлүгүнүн деңгээли
2-маселе боюнча
Кокурсттук комиссиянын төрагасы Ж. Маматалиев айылдардан келген көйгөйлөрдү мүчөлөргө тааныштырды. Комиссия мүчөлөрү ар бир көйгөйлөрдү кабыл алынган критерийлер боюнча талдапчыгышты. Талкуунун негизинде конкурсттук комиссиянын отуруму төмөнкүдөй чечим кабыл алат.
Чечим:
Айылдан келген көйгөй маселелер жогорудагы каралган критерийлердин негизинде төмөнкүдөй тартиптеранжирленсин.
1. Балдар бакчасынын жетишсиздиги
2. Мектеп имараттарынын сапатсыздыгы
3. Сугат суунун жетишсиздиги.
4. Таза суунун жетишсиздиги
5. Спорт аянтча, залдын жетишсиздиги
6. Жаны конуштарга электр линияларын тартуу
7. Мончонун жетишсиздиги
8. Кайра иштетүүчү ишканалдардын аздыгы
Конкурстук комиссиянын төрагасы: Ж. Маматалиев.
Катчысы: | Г. Ысакова |