Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-февралы № 1
Айылдык кеңешинин “Манасчылар паркы” боюнча чыккан токтомдоруна №818 контурунун ордуна төмөндөгү №819, 837, 838 контурларды көрсөтүү менен өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, жаратылыш ресурстары, экология, агрардык реформа жана турак-жай коммуналдык чарбадагы маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 2016-жылдын 2-февралындагы №4 протоколунун негизинде айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Манас паркы” жөнүндө кабыл алынган токтомдорго №818 контурдун ордуна №819, 837, 838 контурларын көргөзүү өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Ушул токтом райондук “Ак-Суу баяны” гезитине жарыялоо үчүн жиберилсин, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын.
3. Токтом ММКна басылып чыккан күнү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агентигинин сайтына жайгаштыруу үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К. Эралиевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, жаратылыш ресурстары, экология, агрардык реформа жана турак-жай коммуналдык чарбадагы маселелери боюнча туруктуу комиссияга (Бекиев К.О.) жүктөлсүн.
Төрага | К.С. Джаныбеков |