Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-февралы № 7
Теплоключенка айылдык аймагындагы №1156,1158 контурларында 0,30 га жер тилкесине мусульман мечит курууга Ысык-Көл облустук казыятка макулдук берүү жөнүндө
Айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, жаратылыш ресурстары, экология, агрардык реформа жана турак-жай, коммуналдык чарбадагы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2016-жылдын 4-февралындагы №8 протоколунун негизинде айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык аймагындагы №1156,1158 контурларында 0,30 га жер тилкесине Ысык-Көл облустук казыятка мусульман мечит курууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом райондук “Ак-Суу баяны” гезитине жарыялоо үчүн жиберилсин, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын.
3. Токтом ММКна басылып чыккан күнү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агентигинин сайтына жайгаштыруу үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К. Эралиевке милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, жаратылыш ресурстары, экология, агрардык реформа жана турак-жай коммуналдык чарбадагы маселелер боюнча туруктуу комиссияга (Бекиев К.О.) жүктөлсүн.
Төрага | К.С. Джаныбеков |