Редакцияот 22.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Теплоключенка айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын 36-сессиясы

 

2016-жылдын 22-февралы № 14

Айылдык кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана өндүрүш тармактагы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2015-жылда аткарган иштери жана 2016-жылга карата иш пландарын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын жана айылдык кеңешинин Регламентинин негизинде айылдык аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айылдык кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана өндүрүш тармактагы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2015-жылда аткарган иштери канагаттандырарлык деп табылсын.

2. Айылдык кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана өндүрүш тармактагы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2016-жылга карата иш планы бекитилсин.

 

Төрага

К.С. Джаныбеков