Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-августу № 47
Жергиликтүү бюджеттин акча каражатын жылдыруу жөнүндө
Өндүрүштүк муктаждыка байланыштуу айылдык кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана өндүрүш тармактагы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2016-жылдын 10-августундагы отурумунун протоколунун негизинде айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр” бөлүмүнүн 3111 статьясынын 2290 “Башка имараттарды куруу жана алуу” элементине каралган 500.0 миң сомдун ичинен 200.0 миң сомду С.Киров атындагы гимназия-мектебине 3111 ст. 31112290 “Башка имараттарды куруу жана алуу” элементине “Жыл бою балдарды жашылча менен камсыз кылуу” BIO KG долбоору аркылуу курула турган күнөсканага (теплица) өздүк салымына жылдырылып берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы каржы бөлүмүнүн башчысы Д.С.Абдыкеримовага милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Эралиевге жүктөлсүн.
Төрага | К.С. Джаныбеков |