Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-августу № 49
Айыл аймагынын талаа жолдорун оңдоого сарпталуучу акчанын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагы боюнча 2016-жылы талаа жолдорун оңдоо (3.5м3 шагыл таш жүктөө, ташуу, төгүп-түздөө) иштери үчүн автомашинанын бир рейсине сарпталуучу акчанын өлчөмү сметага ылайык 1250 (бир миң эки жүз элүү) сом болуп бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Эралиевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, жаратылыш ресурстар, экология, агрардык реформа жана турак-жай коммуналдык чарбадагы маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | К.С. Джаныбеков |