Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 3-марты № 1
2016-жылга билим берүү мекемелеринин электр энергиясынын төлөнүүсү жөнүндө
Акназаров айылдык кеңешинин 30-чакырылыштагы депутаттардын 2016- жылдын 3-мартындагы кезектеги № 26– сессиясындагы протоколдун жана Бакай-Ата райондук прокуратурасынын 01.03.2016-ж № 11/1-16 протестинин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айылдык кеңешинин 2016-жылдын 28-январындагы 5 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
2. Акназаров айыл өкмөтүнүн билим берүү тармагындагы мекемелеринин электр энергиясына болгон төлөмдөрү айыл өкмөттүн бюджетинен өз убагында толугу менен төлөнсүн деп бекитилсин.
3. Токтомдун аткаруу жагы Акназаров айыл аймагынын бөлүм башчысы Т.Жанкорозовага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын башчысы М.Жакышевге жүктөлсүн.
5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К. Жорготаев |