Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 3-марты № 3
“Найманбаев Байгазынын кайрылуусу жөнүндө”
Акназаров айылдык кеңешинин 30-чакырылыштагы депутаттардын 2016- жылдын 3-мартындагы кезектеги № 26– сессиясындагы протоколдун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл өкмөтүнө караштуу, Көк-Таш айылынын тургуну Найманбаев Байгазы менен түзүлгөн келишимдин негизинде,Көк-Таш айылындагы №725 контурдагы 2,0 га жер тилкесине тигилген теректердин ичинен жарактуу 25 түп теректи, кыркып алууга, Найманбаев Байгазыга уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткаруу жагын айыл өкмөтүнүн жер жана ижара жыйымдар боюнча башкы адиси С.Исмаиловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун көзөмөлдөө жагын айыл өкмөт башчысы М.Жакышевге жүктөлсүн.
4. Теректи кыркууга уруксат беруу жагы Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Талас аймактык башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом жарыяланган кундон баштап күчүнө кирет.
Төрага | К. Жорготаев |