Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-апрели №1
Аз камсыз үй-бүлөлөрдүн кайрылуулары жөнүндө
Акназаров айылдык кеңешинин 30-чакырылыштагы депутаттарынын 2016-жылдын 19-апрелиндеги кезексиз 22 - сессиясында айыл аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн кайрылууларын угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин социалдык тармагынан Кызыл-Октябрь айылынан аз камсыз үй-бүлө Г. Өмүркуловага 5000 (беш мин) сом, Таш-Кудук айылынан аз камсыз үй-бүлө Ж.Баратбаевага 2500 (эки миң беш жүз ), С.Бегалиева га 2500 (эки миң беш жүз ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын алуу жоопкерчилиги айыл өкмөтүнүн соц.адиси Б. Акылбековага милдеттендирилсин.
3. Бөлүм башчы Т. Жанкорозова акча каражатын бөлүп берсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык комитетттин төрагасы Н. Кубатовго жүктөлсүн.
5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К. Жорготаев |