Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-апрели № 3
А.Момунтаевдин кайрылуусу жөнүндө
Акназаров айылдык кеңешинин 30-чакырылышынын депутаттарынын 2016-жылдын 19-апрелдеги кезексиз 22- сессиясы “Оготур Чон” СПА сынын директору А.Момунтаевдин кайрылуусун угуп , талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл өкмөтүнүн аймагындагы эски № 4 БСР суу сактоочу көлү эч кимдин балансында жок болгондуктан айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы жер, турак –жай, коммуналдык маселер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис С.Субаналиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун ишке ашырылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М. Жакышевге жүктөлсүн.
4. Бул токтом жарыяланган кундөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К. Жорготаев |