Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-майы № 1
Таштандыларды таштоочу жайга жер аянтын бөлүп берүү үчүн
Акназаров айылдык кеңешинин 30-чакырылышынын депутаттарынын 2016-жылдын 31-майындагы кезексиз 24-сессиясыда Жайыт комитетинин төрагасы Д.Бекматовдун сунушун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл өкмөтүнүн Тамчы участкасындагы жайыт жеринде жайгашкан № 18 контурундагы 0.50 га жер аянты, таштандыларды таштоо үчүн Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясына трансформация кылуу жагы сунушталсын.
2. Аталган жер аянтын бөлүп берүү жагы Жайыт комитетинин төрагасы Д.Бекматовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун ишке ашырылышы айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси С.Субаналиевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Жакышевге жүктөлсүн.
5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К. Жорготаев |