Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-январы № 2
Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңешинин алдында түзүлгөн эсептөө комиссиянын протоколунун жана көпчүлүк депутаттардын сунуштарынын негизинде Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кенешинин алдында түзүлгөн эсептөө комиссиянын протоколу бекитилсин.
2. Көпчүлүк добушка ээ болгон Каламбеков Абдикарим Саалыевич Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы болуп бекитилсин.
3. Ушул токтомдун көчүрмөсү Баткен аймактык шайлоо комиссиясына жана Баткен райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
Төрага | А. Каламбеков |