Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-февралы № 10
Кара-Бак айыл аймагындагы жерлерди которуу жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 03.02.2017-жылдагы №01-34/28 сандуу чыгыш катын негиз катары карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан “Грант-Юг” ЖЧКна берилген №5066ТР лицензиясынын негизинде үлүл тектүү таштарга геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Дөбө өтөктөрүнүн айланасындагы 30,0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт байланыш, коргоо жана башка багытындагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдап берүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дилишатовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Каламбеков |