Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-февралы № 11
Кара-Бак айыл аймагына караштуу мекеме жетекчилеринин жана айыл башчыларынын маалыматын угуу жөнүндө
Кара-Бак айыл аймагындагы мекеме жетекчилеринин жана айыл башчыларынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдардын көйгөйлөрүн карап, муктаждыгына жараша жергиликтүү бюджетке киргизүү үчүн депутаттардан жана өкмөттөрдөн комиссиянын курамы түзүлсүн.
2. Айыл өкмөткө караштуу мекеме ишканалардын жетекчилери мекемесиндеги киреше булактары мыйзам чегинде жүргүзүшсүн.
3. Айыл өкмөтү төмөндөгүдөй иш чараларды аткаруу жагы жүктөлсүн.
- Кара-Бак айылдык милиция бөлүмчөсү жана Чек ара тозоту жана менен биргеликте иштөө;
- Спорт аянтчанын ичиндеги столбаларды жылдыруу;
- Дөбө толук эмес орто мектебин электр жылыткычына өткөрүү;
- Көмүр отунунун сапатына көнүл буруу;
- айыл башчылар жана мекеме жетекчилер менен биргеликте инвестиция тартуу;
- айыл өкмөтүнүн балансындагы трансформаторлорду Баткен РЭСтин балансына өткөрүү;
- Элекетр линияларына тийип калган бак дарактарды кыйдыруу жана айылдын ичиндеги турак жайлардын үстүнөн өткөн жогорку чыналуудагы линиялар тактоо;
- Жарыктандырууну уюштуруу;
- Кара-Бак айыл аймагындагы артык баш жерлер, КБФнын ижарага берилбей калган жерлер тактоо;
- Сессияга чакыртылып себепсиз келбеген, инвестиция тартпаган, эли менен иштеше албаган айыл башчыларга тийиштүү чара көрүү.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага | А. Каламбеков |