Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-февралы № 12
Зардалы айылынын Шудман участкасындагы дарыяга көпүрөө курууга макулдук берүү жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин арызынын карап чыгып, Зардалы айылынын Шудман участкасындагы жайыттарды пайдаланууга шарт түзүп берүү максатында Шудман дарыясына автоунаа өтүүчү көпүрөө курууга жер бөлүп берүүгө макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл аймагынын Зардалы айылына караштуу Шудман участкасындагы дарыяга 15 тонна салмакты көтөрө турган көпүрөө курууга 0,15 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон иш-кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Көпүрөөнүн техникалык коопсуздугу Баткен районунун шаар куруу жана архитектурасы жана жайыт комитети менен макулдашылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дилишатовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Каламбеков |