Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-марты № 10
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга карата бюджетин бекитүү, 2018-2019-жылдарга бюджетинин долбоору жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Дарбишов Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга карата бюджетин бекитүү, 2018-2019-жылдарга бюджетинин долбоору боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы киреше бөлүгүнүн планы 19680,7 (он тогуз миллион алты жүз сексен миң жети жүз) сом, чыгаша бөлүгү 19680,7 (он тогуз миллион алты жүз сексен миң жети жүз) сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жыл үчүн киреше бөлүгү 16924,4 (он алты миллион тогуз жүз жыйырма төрт миң төрт жүз) сом, чыгаша бөлүгү 16924,4(он алты миллион тогуз жүз жыйырма төрт миң төрт жүз) сом суммада бекитилсин.
3. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 2017-жыл үчүн 169244 (бир жүз алтымыш тогуз миң эки жүз кырк төрт)сом суммада бекитилсин.
4. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинин болжолунун киреше бөлүгүнүн суммасы 17094,7 (он жети миллион токсон төрт миң жети жүз) сом, чыгаша бөлүгүнүн суммасы 17094,7 (он жети миллион токсон төрт миң жети жүз) сом, 2019-жылдарга бюджетинин болжолунун киреше бөлүгүнүн суммасы 17512,2 (он жети миллион беш жүз он эки миң эки жүз) сом, чыгаша бөлүгүнүн суммасы 17512,2 (он жети миллион беш жүз он эки миң эки жүз) сомго долбоору бекитилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу А.Дарбишевге милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов |