Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-марты № 13
“Дара-Суусу” ичүүчү таза суу керектөөчүлөр коомдук бирикмесинин 2017-жылга бюджетинин түзүлүшү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Дара суусу” ичүүчү таза суу пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылга бюджетинин түзүлүшү жөнүндө “Дара-Суусу” ичүүчү таза суу керектөөчүлөрүнүн коомдук бирикмесинин башчысы А.Амиралиевдин даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги IV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Дара-Суусу” ичүүчү таза суу керктөөчүлөр коомдук бирикмесинин 2017-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 630000 (алты жүз отуз миң) сом, чыгаша бөлүгү 630000 (алты жүз отуз миң) сомго бекитилсин.
2. “Дара-Суусу” ИСКАКБсынын ар бир жаран үчүн айына 15 сомдон белгиленсин жана акча каражатын чогултуу үчүн кассирлерге жыйналган акча каражатынан 20% берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу А.Мисиралиевге милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов |