Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-марты № 14
“Ак-Суу” Баткен ичүүчү таза суу керектөөчүлөр бирикмесинин 2017-жылга бюджетинин түзүлүшү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Ак-Суу” Баткен ичүүчү таза суу пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылга бюджетинин түзүлүшү жөнүндө “Ак-Суу” Баткен ичүүчү таза суу пайдалануучулар бирикмесинин башчысы Р.Мамановдун даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги IV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Ак-Суу” Баткен ичүүчү таза суу пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 630700 (алты жүз отуз миң жети жүз) сом, чыгаша бөлүгү 630700 (алты жүз отуз миң жети жүз) сомго бекитилсин.
2. “Ак-Суу” ИСКАКБсынын ар бир жаран үчүн айына 15 сомдон белгиленсин жана акча каражатын чогултуу үчүн кассирлерге жыйналган акча каражатынан 20% берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу А.Мисиралиевге милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов |