Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-марты № 16
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2016-жыл ичинде аткарган иштери жана 2017-жылга карата түзүлгөн жылдык сметасын, жайыт акысын бекитүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2016-жыл ичинде аткарган иштери жана 2017-жылга карата түзүлгөн жылдык сметасын, жайыт акысын бекитүү боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги IV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2016-жыл ичинде аткарган иштери белгиленсин.
2. Дара айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2017-жылга карата түзүлгөн жылдык планы 259550 (эки жүз элүү тогуз миң беш жүз элүү) сом, сметасы жана жайыт акыларынын тарифи уйга 125сом, музоого 87.50сом, жылкыга 150сом, түтүн пулу 2м3-600сом, кургак отунду пайдалануу үчүн 1м3-400сомго, жайыттарды мал жаю менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу келишимдин негизинде 0,01га-20 сомго бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу А.Мисиралиевге милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов |