Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-марты № 19
Кара-Сай ЖЧКна 2,7га жерге изилдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтү менен Кыштут айыл аймагынын айыл өкмөтү чектешкен чегаранын түштүк-чыгыш тарабынан Кара-Сай жоопкерчилиги чектелген коомуна 2,7га жерге изилдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү боюнча даярдалган билдирүүнү угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI –чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтү менен Кыштут айыл аймагынын айыл өкмөтү чектешкен чегаранын түштүк-чыгыш тарабынан Кара-Сай жоопкерчилиги чектелген коомуна караштуу 2,7га жер аянтында геологиялык-чалгындоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына, мыйзамдуулукту сактоо жана укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов |