Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-марты № 20
Жаңы-Жер айылына таштанды таштоо үчүн 0,10га жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылына таштанды таштоо үчүн 0,10га жер тилкесин бөлүп берүү боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI –чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылынын күн чыгыш тарабынан таштанды таштоо үчүн 0,10га жер тилкесин бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адисинин милдетин аткаруучу С.Дыйкановго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов |