Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-марты № 21
Дара айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги LXV сессиясынын 2016-жылдын 11-ноябрындагы №50-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Дара айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги LXV сессиясынын 2016-жылдын 11-ноябрындагы №50-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү билдирүүнү карап чыгып, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жер айылындагы кичи футболдук аянтчасын куруу үчүн өздүк салым катары 2017-жылдагы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 300000 (үч жүз миң ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Жаңы-Жер айылындагы кичи футболдук аянтчасын куруу үчүн 300000 (үч жүзмиң ) сом акча каражатын бөлүп берүү жагы ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу А.Дарбишовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу А.Мисиралиевге милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов |