Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-марты № 25
“Ак-Бешик” Бала бакчасын кенже тайпасын кыска мөөнөттүү тайпадан толук күндүү тайпага которуу жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн Кан айылындагы мектеп жашына чейинки балдардын билим алуусуна шарт түзүү, билим берүү, тарбиялоо иштерин өркүндөтүү максатында Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кан айылындагы “Ак-Бешик” бала-бакчасынын кенже тайпасы кыска мөөнөттүү тайпадан толук күндүү тайпага которулсун.
2. “Ак-Бешик” балдар бакчасынын кенже тайпасын толук күндүү тайпага которуу жагы “Ак-Бешик” балдар бакчасы мекемесинин Жобосуна ылайык жүргүзүлсүн.
3. “Ак-Бешик” бала-бакчасынын кенже тайпасын толук күндүү тайпага которуу иштерин жүргүзүү жагы Баткен райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн орун басары А.Камаловго жана айылдык кеңештин административдик укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Султанов |