Редакцияот 24.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Муз айылдык Кеңешинин VI чакырылыштын 4-сессиясы

 

2017-жылдын 24-марты № 4/1

Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттинин 2016-жылдан калган калдык акча каражатынын бекитүү жөнүндө

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономиканын негиздери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-жылдан калган калдык акча каражатынын киреше - чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин:

КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ:

1) Жергиликтүү бюджетинин 2016-жылдан калган 1 670 700 сом ;

ЧЫГАША БӨЛҮГҮ:

2. Айылдык Кеңештин төрагасына айлык акыга:

3. 2017-жыл үчүн: 1071,0 сомдон 10 кезектүү сессияга 10 714 сом;

4. Аксакалдар сотунун айлык акысына: 1 500 сомдон 12 айга 18 000 сом;

5. Парктын кароолчусуна айлык акы: 6750 сомдон 12 айга 81 000 сом;

6. Спорт инструктордун айлык акысы: 5 812 сомдон 12 айга 69 744 сом;

7. Спорт инструктордун айлык акысы: 5 812 сомдон 12 айга 69 744 сом;

8. Сой.фондук чегерүүлөргө 17,25% 43 000 сом;

9. Жалпы: 292 202 сом

10. Айыл өкмөтүнө атайын техника сатып алууга 578 498 сом;

11. Бала бакчага өздүк салымга 500 000 сом;

12. Айылды өнүктүрүүгө 300 000 сом;

13. Жалпы: 1 670 700 сом

14. Бөлүнгөн акча каражатын атайын тузүлгөн смета расходко ылайык жургүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдеттин аткаруучу А. Алымбаевага тапшырылсын;

15. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

16. Каражаттын өз убагында көрсөтүлгөн багытка котору боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук казына бөлүмүнөн суралсын.

 

Төрага

А. Абдырахманов