Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-февралы № 3
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансасында турган кызматтык автомашинаны чыгыштоо жөнүндө айыл өкмөттүн башчысы Н.Жунусовдун кайрылуусун карап жана талкуулап Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезектүү III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Жунусов Нурлан Турдубековичтин айыл өкмөттүн балансасында турган 2000-жылдагы ВАЗ-2107 кызматтык автомашинасы айдоого жараксыз болгондуктан,пайдалануу мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу айыл өкмөттүн балансасынан чыгыштап берүүнү сураган өтүнүчү канааттандырылсын.
2. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансасында турган 2000-жылы пайдаланууга берилген ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү кызматтык автомашинасы айдоого жараксыз болгондуктан, пайдалануу мөөнөтү бүткөндүгү эске алынып айыл өкмөттүн балансасынан чыгыштоо боюнча атайын курамда айыл өкмөттүн буйругу менен чыгымдоо боюнча комиссия курамы түзүлсүн.
3. Кызматтык автомашинанын техникалык толук абалын аныктап чыгыштоо жагы түзүлгөн комиссия курамына тапшырылсын.
4. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматтык автомашинасы айдоого жараксыздыгы эске алынып айыл өкмөт башчысы Жунусов Нурландын менчик Мерседес-Бенс 230 үлгүсүндөгү автомашинасы кызматтык пайдаланууга уруксат берилсин.
5. Кызматтык автомашинага тиешелүү иш-кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн башкы бухгалтери Н.Барктабасовага милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы айыл өкмөттүн башчысы Н.Жунусовго тапшырылсын.
Төрага | А. Мурзалиев |