Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-февралы № 4
Жер участокторун бир түрүнөн башка түрүнө которуу боюнча (трансформациялоого) 22.12.2016-жылдагы Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын жер комиссиясынын №15/2 протоколун кароо жөнүндө айылдын тургундары Макен уулу Уланбектин жана Керимкулов Ишеналынын кайрылуусун карап жана талкуулап Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезектүү III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Ача-Кайынды айылынын тургундары Макен уулу Уланбектин жана Керимкулов Ишенаалынын “Ноо” участогундагы союз мезгилинде курулган сарайынын жер аянтын короо алдындагы жер аянтка которуп берүү боюнча кайрылышкан кайрылуулары канааттандырылсын.
2. Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 26-июнундагы №156-б буйругуна ылайык түзүлгөн жер комиссиясынын 2016-жылдын 22-декабрындагы №15/2 протоколунун 3,4-пунктунда көрсөтүлгөн жер аянттар бекитилсин.
3. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жыл №169 токтому менен бекитилген жер участокторун которуу жөнүндөгү убактылуу жобого ылайык Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынан суралсын.
4. Жер аянттарынын тиешелүү укуктук документтери менен камсыз кылуу жагы Ат-Башы райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы айыл өкмөттүн жер, турак-жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси У.Кожомбердиевге милдеттендирилсин.
Төрага | А. Мурзалиев |