Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-февралы № 5
Ача-Кайынды айыл аймагында жаны курулуп ишке берилген айылдык ветеринардык жактан тейлөө пуктуна Токтогулов Төлөгөн Сыдыковичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө айыл тургундарынын кайрылуусун карап жана талкуулап Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезектүү III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Ача-Кайынды айыл аймагында жаны курулуп ишке берилген айылдык ветеринардык жактан тейлөө пуктуна Токтогулов Төлөгөн Сыдыковичтин ысымын ыйгарып берүүнү сурап кол коюп кайрылышкан айыл тургундарынын кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Ача-Кайынды айыл аймагында жаны курулуп ишке берилген ветеринардык жактан тейлөө пункутуна, союз мезгилиндеги мал чарбасына кошкон салымы эске алынып Токтогулов Төлөгөн Сыдыковичтин наамы ыйгарылып берилсин.
3. Ача-Кайынды айыл аймагынын Токтогулов Төлөгөн Сыдыкович атындагы ветеринардык жактан тейлөө пункту деп аталсын.
4. Ветеринардык пуктун ишин жандандыруу максатында жылына материалдык жардам көрсөтүп туруу жагы Токтогулов Төлөгөн Сыдыковичтин уул-кыздарына жана үй-бүлөсүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке жана аткарууга алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовго тапшырылсын.
Төрага | А. Мурзалиев |