Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-февралы № 6
Ача-Кайынды айыл аймагында жаныбарларга идентификация жүргүзүү,жаныбарлардын кулагына бирка тагуу иштерин жүргүзүүдө жеке вет адистердин кызмат акысын кароо жөнүндө айыл өкмөттүн мал чарбасын жана ветеринардык тейлөө боюнча башкы адиси Р.Мусуралиевдин кайрылуусун карап жана талкуулап Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезектүү IIIсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мал чарбасын жана ветеринардык тейлөө боюнча башкы адиси Р.Мусуралиевдин жеке ветеринардык адистердин кызмат акысын бекитип берүүнү сураган кайрылуусу жарым-жартылай канааттандырылсын.
2. Ача-Кайынды айыл аймагында жаныбарлардын кулагына бирка тагуу 1 баш малга 30сом кызмат акы, бирка баасы 40сом,баардыгы 70сом төлөө баасы бекитилсин.
3. Бодо малга,кой-эчкиге берилүүчү ветеринардык справка форма №1а, 2а, 3а үчүн алынуучу кызмат акы баасы кийинки сессияга калтырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мал чарбасын жана ветеринардык тейлөө боюнча башкы адиси Р.Мусуралиевге тапшырылсын.
Төрага | А. Мурзалиев |