Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-февралы № 7
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2017-жылдагы бюджетти бекитүү жөнүндө айыл жайыт комитетинин бухгалтери М.Норузбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезектүү III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2017-жылга карата колдонулуучу жайытка чыккан малдын тарифи өзгөрүүсүз калтырылсын.
2. Алыскы Ак-Сай өрөөнүндө жайы-кышы жайлап-кыштаган малчылар үчүн 1(бир)баш бодо малга 63сом,1(бир)баш кой-эчкиге 12сом,алыскы,ортонку,ички жайыттарга жайлаган малчылар үчүн 1(бир)баш бодо малга 42сом,1(бир)баш кой-эчкиге 6сом тарифи колдонулсун.
3. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2017-жылга каралган бюджетинин киреше бөлүгү 380884 (үч жүз сексен мин сегиз жүз сексен төрт) сомго бекитилсин.
4. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2017-жылга каралган бюджетинин чыгымдоо бөлүгү 380884(үч жүз сексен мин сегиз жүз сексен төрт) сомго чыгымдалсын (тиркеме тиркелет).
5. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Ж.Нурманбетовго тапшырылсын.
Төрага | А. Мурзалиев |