Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Арча айылдык Кеңешинин 26-шайланган 23-сессиясы
2016-жылдын 16-ноябры № 23/4
Он-Арча айыл аймагынын Оттук айылынын тургуну К.Асылбековдун кайрылуусун кароо жөнүндө
Айылыбыздын кулуну,көрүнүктүү врач Мамбеталиев Кыялдын дарыгер катары,айылыбыздын кулуну катары жасаган иштерин баалап өмүрү өрнөк адамдардын табылбаган эмгегин кийинки муундарга үлгү катары сактап калуу үчүн Оттук айылындагы жаңы салынган ФАПка Мамбеталиев Кыял Жумамүдүновичтин ысымын ыйгаруу тууралуу билдирүүнү угуп жана талкуулап депутаттардын XXVI шайланган Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көрүнүктүү врач Мамбеталиев Кыялдын дарыгер катары,айылыбыздын кулуну катары жасаган иштерин баалап өмүрү өрнөк адамдардын табылбаган эмгегин кийинки муундарга үлгү катары сактап калуу үчүн Оттук айылындагы жаңы салынган ФАПка Мамбеталиев Кыял Жумамүдүновичтин ысымы ыйгарылсын.
2. Бул токтомду аткаруу жагы экономист статист У. Койчумановго жүктөлсүн.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | М. Босунов |