Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-марты № 4/1
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жыл башына калган калдыктан бюджеттик чыгымдарга пайдалануу жөнүндө
Дөбөлү айыл өкмөтүнүн өздүк эсебинде жыл башында калган акча каражаттарын пайдалануу жөнүндө айыл өкмөттүн башчысы У.Алсейитовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жыл башына калган калдыкты пайдалануудагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 478800 сом болуп бекитилсин.
2. Бул акча каражаты төмөндөгү статьяларга жумшоо каралсын.
-Транспорттук чыгымдарга 23000 сом;
-Башка кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө 47900 сом;
-Инвентарь сатып алууга 8000 сом;
-Көмүр алууга 49900 сом;
-Прессподборщик сатып алууга 350000 сом.
З. Тиешелүү документтерди даярдап берүү жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Турганбаевага жана айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бектемиров |