Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 3-марты № 8
Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин пайдалануунун келечек планын бекитүү жөнүндө
Акназаров айылдык кеңешинин 30-чакырылышынын депутаттарынын 2016-жылдын 3-мартындагы кезектеги № 26 сессиясындагы протоколдун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-2021-жылга чейин Акназаров айылдык аймактык айыл чарба жерлеринин кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин пайдалануунун келечек планы бекитилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы жер адиси С.Исмаиловго милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы М.Жакышевге жүктөлсүн.
4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К. Жорготаев |