Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Будалык айылдык кеңешинин 6- чакырылышынын кезексиз 7-заседаниеси
2016-жылдын 14-ноябры № 7/1
Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Кум- Шоро айылындагы сатылып жаткан Сексенбаев Жаныштын турак үйүн сатып алып бала бакча ачып берүү боюнча элдин сунушун аткаруу жөнүндө
Будалык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Кум шоро айылындагы сатылып жаткан Сексенбаев Жаныштын турак үйүн бала бакча ачууга сатып алуу жагы каралсын.
2. Будалык айыл өкмөтүнөн мыйзам чегинде бала бакча ачуу үчүн керектүү акча каражаты бюджеттин эсебинен которулуп берилсин.
3. Бул каражатты которуп берүү жагы Будалык айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы А.Кудайбердиевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын кылуу Будалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Каримовго милдеттендирилсин.
Төрага | С. Рахматов |